Последнее слово
«Даже если нас посадили и связали нам крылья, даже если нам наступают на ноги, мы не забываем, что мы блюстители и защитники закона. Мы строго соблюдаем закон и стремимся к человечности».
Темиров Live и «Айт-Айт Десе» уже разоблачили множество коррупционных схем. Сегодня мы можем утверждать что «вносим большой вклад в развитие Кыргызстана», и не ошибаемся, говоря, что мы — «новая интеллектуальная элита нашего общества». Сегодняшнее правительство утверждает, что «будет бороться с коррупцией, кумовством и криминалом», но, к сожалению, этого не делает. Оно присваивает преступные и коррупционные схемы. По крайней мере, я не ошибусь, если скажу, что сегодня они, пытаясь прикрыть и скрыть свои собственные преступные и коррупционные действия, борются с такими молодыми людьми, как мы, которые на самом деле противостоят коррупции.
Что касается моего последнего слова. Ряд чиновников, связанных с теми же преступниками и коррупционерами, по-прежнему занимают руководящие посты. Они не только находятся у власти, но и злоупотребляют своим положением. Прошло уже почти 10 месяцев, как я нахожусь в этом СИЗО, и я не ошибусь, если скажу, что этот период был самой удачной командировкой в моей жизни. Потому что здесь мы узнали много того, что стоит изучить, и увидели то, что необходимо увидеть. За невзгодами скрывается сила. Никогда не бойтесь трудностей. Потому что такие вещи для нас — это всего лишь процесс.
Успех никогда не даётся легко. Чтобы его достичь, нужно пройти через трудности. Именно с такими трудностями мы сталкиваемся уже четыре года с проектами «Айт-Айт Десе» и «Темиров Live», которые были инициированы и созданы общественным фондом «Бейлеп», а ранее «НьюМедиа» под руководством Болота Темирова. Однако, несмотря на это, мы по-прежнему с упорством служим людям и не падаем духом. Даже если убрать одну голову, появятся две. Слава Богу, в своё время убрали одну голову, а сегодня появились одиннадцать. Я уверена, что если уберут одиннадцать, появится ещё тысяча. Все они смогут бороться с преступниками, коррупционерами, корыстными людьми и тиранами, превратив Кыргызстан в развитую страну.
Как всем известно, власти утверждали, что военный билет Болота Темирова и его паспорт фальшивые, а все сопутствующие документы тоже поддельные. Однако никаких доказательств этому предъявлено не было, а экспертиза подтвердила, что все документы являются подлинными. В тоже время, почему Улан Ниязбеков не привлечён к ответственности и не наказан по закону за получение воинских званий с использованием поддельного военного билета? Те же депутаты, такие как Надира Нарматова, которые оправдывали и защищали Матраимова, прельщённые его богатством, славой и влиянием, до сих пор остаются в парламенте, решая судьбы народа.
Я должна сказать, что мы, кыргызы, с незапамятных времён живём по принципу либеральной демократии. Но говоря о либеральной демократии, мы не перекладываем на кого-то ответственность. Это исключительно наша ответственность.
Мы были морально готовы с самого начала, когда приступили к этой работе. Мы были готовы к трудностям и знали, что единственный способ добиться успеха — это преодолеть их. Мы относимся к этому как к процессу. Чему нас, кыргызов, научила либеральная демократия? Ответственности, свободе и борьбе. И когда дело доходит до сражения, на чьей стороне мы должны быть? Прежде всего, мы сами определяем свои взгляды.
Мы придерживаемся ценностей добросовестности, человечности, принципиальности и морали. Но свободу не дают просто так, мы все должны за неё бороться. На протяжении девяти, десяти месяцев эти одиннадцать человек борются за свободу и делают это в рамках закона.
Вместо того чтобы просто сидеть в СИЗО, мы занимались просвещением людей, находящихся в тюрьме, рассказывая им больше об их правах и проводя для них образовательные мероприятия. Мы не просто сидели там, мы работали. Мы помогали защищать права многих людей. С нашей помощью они собственноручно писали письма в соответствующие учреждения и защищали свои права. За это время я сменила три камеры. Первая была 258, меня сразу посадили посадили со строгачами (с осуждёнными, отбывающими наказание в колонии строгого режима). Возможно, они сделали это, чтобы оказать моральное давление. Однако наша человечность помогла преодолеть и это: мы смогли добиться уважения и достойного отношения. Мы показали путь к свободе многим людям, которых посадили без вины. Минимум десять человек узнали, как защитить свои права и освободиться. Другими словами, мы дали им удочку, а не рыбу.
Что еще я могу сказать? Где бы мы ни находились, лидер остаётся лидером везде, несмотря ни на что. Неважно, какое общество или среда. Мы, журналисты и неправительственные организации, не можем относиться к людям избирательно. Мы обязаны устанавливать хорошие отношения со всеми и защищать права каждого. Даже если нас посадили и связали нам крылья, даже если нам наступают на ноги, мы не забываем, что мы блюстители и защитники закона. Мы строго соблюдали закон и стремились к человечности.
Что ещё я могу сказать? В первую очередь человеку, чтобы достичь успеха, нужно развивать духовные ценности. Я еще раз повторюсь: всему воля бога, как соизволит бог, так все и решится. Наверное, нам это предначертано. Что меня радует, так то, что нас преследуют за борьбу с коррупцией. Потому что, есть и те, кто сидит за порочные дела.
Но мы не совершали никаких плохих дел и не смогли бы совершить. Даже в тюрьме мы соблюдаем закон. Другим словом, мы боролись только с самими собой. Мы не боролись с другими людьми. Потому что у нас есть дух, сила, энергия и воля. Эти качества стали нашим стержнем. Если ты хочешь быть сильным, нет необходимости бороться с другими. И сегодня мы, борясь за свободу в рамках закона, ожидаем последнее решение.
Что я хочу сказать напоследок: суд не ограничивается только этим миром, на том свете тоже есть суд. Мы верим, что самый честный, гуманный и справедливый судья — это только Всевышний. Мы не приравниваем большинство к Богу. Мы сочтем за гордость, если Всевышний оценит наши деяния по достоинству. Этот мир — лживый. Мы вверяем наши судьбы в руки бога, по его воле случится то, что предначертано. На этом всё.
Оригинал последнего слова на кыргызском языке
Temirov Live менен “Айт-Айт десе” буга чейин бир далай коррупциялык схемаларды ашкерелеп келген. Бүгүнкү күндө биз “Кыргызстанга чоң салымыбызды кошуп жатабыз” жана “бүгүнкү замандын кайрадан жанданып чыккан жаратман каймактарыбыз” десем эч кандай жаңылышпайм.
Ал эми бүгүнкү бийлик “коррупция менен күрөшөбүз, тууганчылык менен криминал менен күрөшөбүз” деп күрөшкөнү менен тилекке каршы бул — күрөш эмес. Бул криминал менен коррупциялык схеманы узурпация кылуу деп эле тааныймын. Эмнеге дегенде, бүгүнкү күндө жемкорлук менен күрөшкөн мына бизге окшогон жаштар менен чоң күрөшүүлөрдү жасап, өздөрүнүн кылмыш жана коррупциялык схемаларын жаап, жашыруу иш аракеттерин көрүп жатышат десем эч жаңылышпайм.
Ал эми акыркы сөз боюнча. Ошол эле криминал, коррупционерлер менен байланышы бар бир канча аткаминерлер дагы деле бүгүнкү күндө бийлик орундарын ээлеп отурат. Бийлик орундарын ээлегени аз келгенсип, өз кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып жатышат. Менин айтаарым ушул тергөө абагында болгонума онунчу ай болуп жатат. Бул мөөнөттү менин жашоомдо эң ийгиликтүү иш сапары (удачный командировка) десем эч жаңылышпайм. Анткени бул жерде дагы үйрөнө турчу нерселерди үйрөндүк, көрө турчу нерселерди көрдүк. Кыйынчылык артында күч сакталат. Эч качан кыйынчылыктан коркпош керек. Анткени мындай нерселер бизге болгону — процесс.
Ийгиликке жетүү эч качан оңой турбайт. Ийгиликке жетиш үчүн биз башыбыздан кыйынчылыктарды өткөрүшүбүз керек. Мына ошол кыйынчылыктарды “Белек” коомдук фондусу, буга чейин “YouMedia” (4:13-4:20) Болот Темиров баштаган, негиздеген долбоорлор “Айт-Айт десе” жана Temirov Live төрт жылдан бери баштан өткөрүп келе жатабыз. Бирок, ошентсе дагы биз эч тайманбай, эч жыгылбай дагы деле эл алдында кызмат кылуудабыз. Мындан кийин деле “бир башты алсаң, эки баш чыгат” дейт. Кудайга шүгүр убагында бир башты алышкан, бүгүнкү күндө 11 баш чыгыптыр. Он бир башты алса, миң баш чыгат деген ишеничтемин. Алардын баары кылмышкерлер, коррупционерлер, өзүмчүлдөр, тажаалдар менен күрөшүп, Кыргызстанды өнүккөн мамлекетке айландыра алат.
Өзүңүздөр билгендей, ошол эле Болот Темировдун аскердик билетин, паспортун жасалма, ага караштуу документтердин баары жасалма деген. Бирок эч кандай далил көрсөтө алган эмес. Экспертизада дагы жасалма эмес экендигин тастыкташкан. Ал эми Улан Ниязбековдун эмне үчүн жасалма аскердик билети менен алган чиндери боюнча иш козголбойт жана мыйзам чегинде жазалабайт? Ошол эле Матраимовду актап-жактап, анын дөөлөтүнө жана даңазасы менен таасирине жагалданып, жалынып жүргөндөр, Надира Нарматовага окшогон депутаттар, дагы деле эл өкүлү болуп, элдин тагдырын чечип отурушат.
Бирок менин айтаарым, биз кыргыздар эзелтеден либералдуу демократиянын негиздөөчүлөрүнүн бирибиз. Либералдуулук, демократия десе биз бүгүнкү күндөгү азыркы кыйынчылыктарды эч кимге арткыбыз келбейт. Бул биздин гана жоопкерчилик.
Биз башында эле, бул ишти баштап жатканда моралдык жактан даяр болгонбуз. Кыйынчылыкка даяр болгонбуз жана ийгиликке жетүүнүн бирден бир жолу бул кыйынчылык деп билгенбиз. Муну биз процесс катары тааныйбыз. Ошол либералдуулук, демократияда биз эмнени негиздегенбиз? Жоопкерчиликти, эркиндикти жана күрөшүүнү. Күрөшүү десе биз кайсы тарапта болушубуз керек? Эң алгач биз өзүбүздүн көз караштарыбызды тандап алганбыз. Ошондо жоопкерчиликти, адамгерчиликтүүлүк, адамдык сапаттар, приципиалдуулук, мораль жана нравственность деп коёт орусча айтканда, мына ошолорду аркалап келгенбиз.
Ал эми эркиндик берилбейт. “Эркиндик үчүн баарыбыз бирге күрөшүшүбүз керек” дегендин артында эмне жатат? 9-10 айдан бери эркиндик үчүн ушул 11 киши мыйзам жолу менен күрөштүк. Убактылуу кармоочу жайда да жөн отурбастан биз канча деген абакта жаткан жарандарга агартуучулук менен иш алып барып, аларга дагы укуктарды үйрөтүп, аларга дагы агартуучулук иштерди жасадык. Биз ал жерде жөн отурган жокпуз. Биз ал жакта иштедик. Канча деген адамдардын укугун коргоштук. Алар өз алдынча тиешелүү инстацияларга өз колдору менен кат жазып, өз укуктарын коргоп жатты. Бүгүнкү мына мен үч камера алмаштырдым. Биринчиси 258, “чу” дегенде эле (строгачдар менен) күчөтүлгөн тартипте жазасын өтөп жаткандар менен отурдум. Балким моралдык жактан зомбулук жасайлы деген таризде жасаштыбы? Ошентсе дагы адамгерчиликтүүлүгүбүз менен биз бардык жерде бул нерсени да жеңебиз. Бул жерде да урмат-сый, кадыр-барк күтө алдык. Ошондой эле, көптөгөн ак жеринен кесилгендерге жол көрсөтүп, алардын ичинде ондон кем эмес адамдарга өз күчү, өз алы менен боштондукка чыгып, өз укугун коргогонду көрсөттүк. Мындайча айтканда балыкты жеп эмес, балыкты кармаганды үйрөттүк.
Дагы эмне дейм. Каякта болбойлу, эмне болбойлу, лидер кайсыл жерде болбосун бардык жерде лидер. Кайсы коомго, кайсы чөйрөгө аралашпасын. Биз журналисттер, ошол эле бейөкмөт уюмдар адамдарга тандалма мамиле жасай албайбыз. Биз баары менен жакшы мамиле түзгөнгө, баарынын укугун коргогонго милдеттүүбүз. Бизди камап салса дагы, канатыбызды бууп койсо дагы, бутубузду тушаса дагы өзүбүздү мыйзамдын сакчысы жана коргоочусу экенибизди унутпастан мыйзамды так карап, так сактап, адамгерчиликтүүлүккө күндөн-күнгө аракет жасап, умтулуп болгон күчүбүздү жумшап жаттык.
Эмне дейм? Эми эң алгач, ийгиликке жетүү үчүн адам руханий жактан дагы баалуулуктарды аркалаш керек. Мен дагы деле айтмакмын, кудайдын буйругу, кудай кандай чечсе ошондой болот. Балким тагдырыбызга ушул жазылгандыр.Бирок менин эң сүйүнгөндүгүм бүгүнкү күндө мына коррупционерлер менен күрөшүп ушул статья менен түрмөгө түшкөнбүз. Анткени башка жаман иштер менен дагы түрмөгө түшкөндөр бар. Бирок, биз жаман иш кылган жокпуз жана жасай албайбыз. Түрмөдө отуруп дагы биз ошол жерден мыйзамдуулукту сактадык. Эч кандай өзүбүздү, мындайча айтканда өзүбүз менен гана күрөштүк. Бирөө менен күрөшкөн жерибиз жок.Анткени кайрат деген бар, күч деген бар, кубат деген бар,эрк деген бар. Мына ошону өзүбүздөн жаратып ал жерден дагы биз кайраттуу болгонду өрчүттүк, өнүктүрдүк, өзүбүз менен өзүбүз күрөштүк. Эгер сен күчтүү адам болгуң келсе, бирөө менен күрөшүп кереги жок дейт. Өзүң менен гана өзүң күрөш. Мына эркиндик үчүе биз мыйзамдын жолу менен күрөшүп бүгүнкү күндө акыркы натыйжасын, тыянагын күтүп жаткан учурубуз. Ал эми менин айтарым эмне: сот бул дүйнө менен гана токтолуп калбайт, акыретте дагы сот бар. Акыреттеги сот биздин тагдырыбыз, бизге баа бере турчу бул жердеги сот эмес жана бул дүйнө эмес.
Бир гана эң калыс , адамгерчиликтүү же болбосо адилеттуу бир эле кудай деп ишенебиз.Көпчүлүктү биз кудайга тең көрбөйбүз. Ал эми акыретте бизге жакшы баа берилсе ошол бизге эң негизги сыймык. Бул дүйнө жалган дүйнө. Менин оюмча, тагдырды көрөбүз, кудайдын буйругу , кандай болсо ошондой болот.Менин айтканым бүттү.
Ленинский районный суд, Бишкек, Кыргызстан
3 октября 2024 года
Источник: kaktus.media
Подробнее о деле: https://cpj.org/ru/2024
Фото: Knews
Поделиться в соцсетях: