Последнее слово

«Наши суды не должны превращаться в бутафорию, они должны принимать решение самостоятельно».

Уважаемый судья! 

Сегодня я хочу раскрыть перед вами истинное лицо заключённых. Почему? Потому что со мной вместе сидят девушки и парни на 20 и 30 лет моложе меня. Я из другого поколения. Я иногда чувствую себя их отцом. Я даже старше родителей некоторых ребят. С некоторыми из этих молодых людей я был знаком ранее, а с другими познакомился, находясь за решёткой. Я узнал больше, о чём говорили эти ребята, думали и мечтали. Я также убедился, что никто не знает их истинное лицо лучше меня. В их сердцах до сих пор горит мечта развивать страну, чтобы и мы были в числе развитых стран. Я был свидетелем их истинных чистых побуждений. 

Но, к сожалению, мы видим в последних материалах СМИ, что информация о них распространяется в искажённом виде. Там говорится, что якобы только двое из 11 журналистов имеют высшее образование, а остальные имеют лишь среднее образование 11 класса. Следовательно, очевидно, что вся остальная информация искажена. Я не скрываю, что не ладил с некоторыми из ребят. Я бы мог говорить плохо о тех из них, с которыми мои взгляды не совпадают, но я вижу, чувствую и интуитивно понимаю, что они стараются делать полезное для будущего нашей страны. Я убедился в их добрых намерениях. 

Тот факт, что молодые журналисты сидят в тюрьме в течение девяти месяцев, заставляет меня страдать как отца. Это также доказывает, что справедливости не существует. Я готов принести себя в жертву, чтобы моих молодых товарищей не мучили и отпустили, так как мне уже за 50 лет, и я уже прожил своё. Если вы намерены хоть кого-то из 11 обвиняемых посадить в тюрьму, выпустите всех и сажайте меня! Я буду не против. Наши суды не должны становиться фикцией. Они должны доказать свою независимость и принять справедливое законное решение. 

Я хочу доверять Вам. Это всё, что я должен был сказать. Для меня большая честь находиться с этими ребятами за решёткой. Для меня большая честь страдать вместе с ними. Уверенно могу сказать, что буду гордиться этим, даже в ином мире. Мы все предстанем перед Высшим судом. И среди тех, кто будет отвечать за свои дела, будет и кыргызская Фемида, которая сегодня безвинно обвиняет этих людей. Я оставляю всё на суд Всевышнего. Но сегодня я верю, что вы примете справедливое решение. Спасибо!

Последнее слово в оригинале на кыргызском языке, как оно было произнесено в суде:

Урматтуу сот! Мен бүгүн бул жерде ушул кыз-жигиттердин чыныгы жүзүн ачкым келип жатат. Эмне үчүн дегенде бул жердеги турган кыз-жигиттер менден 20 жаш, 30 жашка кичүү. Мен башка муундагы адаммын. Буларга ата катары көрүнүп калат экем. Кээ биринин ата-энесинен мен улуу экем. Ушул балдардын кээ бирлери менен буга чейин тааныш болсом, кээ бири менен мен темир тор артында тааныштым. Бул балдардын эмне жөнүндө сүйлөшкөндүгү, эмне жөнүндө ойлогондугу, эмнени кыялдангандыгы тууралуу  жакындан дагы билдим. Булардын чыныгы жүзүн менден башка эч ким билбейт деп ойлойм, билбейт экендигине да мен ынандым. Булардын таза жүзүндө өлкөнү өнүктүрөлү, өнүккөн өлкөлөрдүн катарында биз да болсок деген тилеги ушулардын жүрөгүндө сакталып турат ушул убакка чейин. Мен ушул нерсеге күбө болдум. Чыныгы жүзү ушундай. Бирок, тилекке каршы, президентибизге каршы болуп, таптакыр туура эмес маалымат жеткизип аткандарын жакынкы эле ЖМКлардан чыккан материалдардан көрүп атабыз. Ошол жерде айтылып атат; 11 журналисттин экөөсүндө жогорку билим болсо, калгандарында 11-класстын эле билими бар деп айтып жатышат деп айтып жатышат. Демек, ал жакка маалыматтын бардыгы туура эмес жеткирилип жаткандыгы көрүнүп турат. Мен бул балдар жөнүндө мына кээ бири менен менин чынында пикирим деле келишпейт. Ал үчүн пикирим келишпеген адамдар тууралуу жамандап айтсам да болмок, бирок ошол менин пикирим келишпеген дагы баланын ичиндеги өлкө үчүн  аппак экенин мен көрүп, сезип, туюп турам. Мен буга ишенем. Биздин кыз-жигиттердин мынтип 9 айдан бери камалып отурушу мени ата катары өкүндүрөт. Акыйкаттын жок экендиги дагы ушул жерде далилденип отурат. Ушул кыз-жигиттерди кыйнабай, мына мени 50дөн ашып калган кишимин мындан ары өсөөрүм деле жок, ушулардын баарын чыгарып туруп ,ордуна мени отургузуп койсоңор мен ушулар үчүн садага чагылып эле кеткени даяр элем. Эгер макул көрсөңүз, эгер ушул 11 журналисттин бирөө-жарымы камалыш керек дей турган болсоңуз башка кыз-жигиттерди чыгарып коюңуз дагы мени алып барып киргизип коюңуз. Мен ошого толугу менен макулдугумду берем. Биздин сот органдары бутафорияга айланбаш керек.Өзүнүн көз карандысыздыгын далилдеп, чыныгы мыйзамдуу чечим кабыл алышы керек. Мен сизге ишеним арткым келет. Мендеги айтыла турган сөз ушул. Мен мындай кыз-жигиттер менен биргелешип, ушулар менен бир болуп, ушул темир тор артында бир болуп калгандыгым бул мага сыймык. Ушулар менен чогуу азап тартканым мен үчүн сыймык. Мен тиги дүйнөгө барганда дагы,бул нерсе үчүн сыймыктанаарымды айта алам. Баарыбыз акыретте жооп беребиз. Ал арасында биздин кыргыз фемидасы дагы ушул ак жерден күнөө жаап аткандардын бардыгы акыретте жооп берет. Мен баарын акыретке коём. Ал эми бүгүнкү сот отурумунда сизди мыйзамдуу чечим кабыл алып берет деп ишенем.

Рахмат!

Ленинский районный суд, Бишкек, Кыргызстан

3 октября 2024 года

Источник: kaktus.media

Подробнее о деле: https://cpj.org/ru/2024

Фото: страница Facebook Сайпидина Султаналиева

Поделиться в соцсетях: